Menu

12 жылга соттолгон тажик журналисти сот залынан бошотулду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Согди облусунун соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 22-августта сот залынан анын ишин апелляциялык баскычта кароо учурунда бошотту.

Журналистти мурда он эки жылдык абакка кескен сот өкүмү анын коомдук ишке тартуу жана 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндө акчалай айыппул салуу менен алмаштырылды.

“Мыйзамды тебелебесем да шаардык соттун өкүмү жана облустук соттун коллегиясынын чечимине ылайык, мен дагы деле кылмышкер болуп эсептелем. Бардык ойдон чыгарылган айыптоолорду алып таштоо үчүн биз адвокаттарыбыз менен бирге жогорку соттук органга доо арыз менен кайрылууга ниеттенүүдөбүз”, деди Хайрулло Мирсаидов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде.

​Кийинки күндөрү социалдык түйүндөрдө абактагы журналистти бошотууга үндөгөн кеңири өнөктүк жүрүп жаткан болчу.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду “мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы” үчүн күнөөлүү деп таап, быйыл 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Ал былтыр декабрда кармалган. Мирсаидов күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келген.

Мирсаидов – эркин журналист. Мурда “Asia-Plus” агенттиги жана “Немис толкуну” радиосунун кабарчысы болчу. Ошондой эле КВНдын Тажикстан командасын жетектечү.

Апелляция боюнча өкүм чыгар алдында Human Rights Watch укук коргоо уюмунун укук коргоочулары эл аралык коомчулукту тажик журналистин бошотуу үчүн тажик бийлигине басым жасоого үндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: