Menu

Латвия менен Эстония советтик оккупация үчүн Орусиядан компенсация алууну каалайт

Бөлүшүү:

Латвия менен Эстония советтик оккупация учурунда келтирилген зыяндар үчүн Орусиядан кун төлөтүп алууну каалайт. Бул тууралуу эки өлкөнүн юстиция министрлери кабарлады. Дзинтарс Разначс менен Урмас Рейнсалунун биргелешкен билдирүүсү Эстония Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө советтик режимдин кесепеттерин жана курмандыктарын эске сактоо зарылдыгы айтылат. Саясатылар БУУнун деңгээлине чейин жасала турган иштердин пландарын талкуулашты. Эки өлкө бийлиги мурунку Прибалтика республикаларынын 1940-1990-жылдары СССРдин курамында болгонун оккупация катары эсептейт.

2015-жылы декабрда Латвия, Литва жана Эстония юстиция министрлери декларацияга кол коюшуп, анда күчтөрдү бириктирип, оккупация үчүн кун төлөтүүгө макулдашкан. Бирок Эстония ТИМи Москвадан компенсация алууга ниети жок экенин билдирген. Өз кезегинде Латвия зыяндын баасын 185 миллиард еврого баалаган.

Кремлдин басма сөз катчсы Дмитрий Песков “оккупация” термини менен макул эмес экенин айткан. Ал СССРдин Балтика өлкөлөрүнүн экономикасына жана инфраструктурасына кошкон салымын унутпоого чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: