2018-жылдын 18- августунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Эл аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен достук мамилелер боюнча комитети, Өзбекстан жазуучулар союзу, кыргыз улуттук маданий борбору жана Ташкент хокимияты менен биргеликте уюштурулган Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусунун Паркент районунда “Чыңгыз Айтматов – өзбек элинин сыймыгы” аттуу, Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына арналган көркөм кечеге катышты.
Бул иш-чарада жогоруда аталган Өзбекстандын мамлекеттик жана коомдук органдардын башчылары, атактуу акындар, жазуучулар, жаштардын жана жалпы коомчулуктун окүлдөрү катышты.
Кеченин аягында Өзбек улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” театралдаштырылган үзүндү көрсөтүштү, ошондой эле Ташкент облусунун Паркент районунун 33 кыргыз мектептин окуучулары тарабынан концерттик номерлер аткарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ