Menu

Калкты мамлекеттик тилде тейлөө жакшырууда

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин айланасында ар кандай пикирлер, баалоолор, аны колдонуудагы айрым сын пикирлер жана көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болуп келатат. Албетте, Мамлекеттик тилдин айланасында мындай жандуу кептердин, талкуулардын болушу табигый нерсе. Анткени ал жалпы мамлекеттик маанидеги орчундуу маселе эсептелет.

Тээ 1989-жылы ошол Советтер Союзунун маалында эле Кыргызстанда Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы зор тарыхый окуя болгон. Ошол кезде эле өлкөдөгү калктын негизги бөлүгү сүйлөгөн кыргыз тилинин көйгөйлөрү эске алынып, аны өнүктүрүү, коомдук турмуштагы, мамлекеттик чөйрөдөгү карым-катнашуунун негизги байланыш куралы катары анын маанисин жогорулатуу, ошентип улуттук баалуулук катары да анын андан ары өнүгүшүн камсыз кылуу максаты эске алынган.

Кыргызстан өлкө катары саясий жактан Эгемендик алгандан бери мына 27 жылдын жүзү болууда. Бул аралыкта Мамлекеттик тилди коомдун кеңири катмарына кеңири жайылтуу жана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы иш кагаздарын жүргүзүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү тейлөө жагынан негизги ролду аткаруучу карым-катнаш куралы катары калыптандыруу багытында көп иш-чаралар ишке ашырылды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улам пайда болгон күңгөй-тескейлери, жалпы өлкөдөгү кагаз жүргүзүүнү толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү аракеттери, анын ийгилигин камсыз кылуу үчүн усулдук жана илимий негиздерди, мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иш-чаралар кандайча жүрүп келгенине күбө болуп келатабыз. Мунун баары өлкөнүн калкынын жалпы кызыкчылыктары үчүн жасалганы да талашсыз.

Моюнга алып коё турган нерсе – иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тажрыйбасы улам байып баратат. Мурда бизди кыйнап келген, чет элдик тилдерден кирген ар кандай тил сындырган терминдер улам которулуп отуруп, кадимки эле жатык тилибизге айланып баратышат.  Бул – жакшы көрүнүш, себеби мамлекеттик тил барган сайын байып, лексикалык жактан толукталып баратат. Бул багыттагы аракеттер, алга жылыштар улантыла бериши ылаазым.

Азыр кай жерге барбаңыз, коомдук жайларда илинген жарыя-жарнамалар, башка да көрнөк-жарнактар мамлекеттик тилде сабаттуу жазыла баштаганын байкайсыз. Мурда котормосу жок орусча же башка чет элдиктерче жазылып келген сөздөр кадимкидей кыргызчаланып, мааниси да түшүнүктүү, тилге жатык жазылып коюлганы, албетте, кимди да болсо кубандырат. Ошол эле кезде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, тейлөөчү кызматтардагы иш-кагаздары, калкты тейлөө куралы катары да мамлекеттик тилде көбүрөөк жүргүзүлүп жатканы ого бетер байкалууда. Эгер мурда жогорку органдардан келген иш-кагаздары негизинен расмий тилде жазылып келсе, эми сөз жок мамлекеттик тилде эле жазылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, ага караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти да өзүнүн ички жүгүртүлүүчү иш-кагаздарын мамлекеттик тилде алып барууда. Бул структуранын кызматкерлери азыркы кезде мамлекеттик тилде иш алып баруунун тажрыйбаларына ээ болуп, тейлөө ишинде калктын кызыкчылыктары толугураак камсыз кылынууда. Бул багытта жогору турган органдар төмөнкү структуралык кызматтарга иш-кагаздарын такай мамлекеттик тилде жөнөтүшүп, өз ара карым-катнаш маселесинде тилдик кыйынчылыктар жоюлган.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти төмөн турган структуралык кызматтарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болгон кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, анын кадыр-баркын жогорулатуу, ошол аркылуу коомчулук өкүлдөрүндө, айрыкча жаш муундарда мекенчилдик сезимди калыптандырып, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана аздектөө ишин колго алуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Бул боюнча атайын расмий каттар, сунуштар жөнөтүлгөн жана райондук-шаардык калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү тийиштүү иштерди алып барышууда.

Биздин Сузак  райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү 270 миңден ашуун калкты тейлөө менен бирге ишти мамлекеттик тилде алып барууну жолго койгон. Бардык иш кагаздары, нускамалар, жарыялар жана эскертүүлөр бүтүндөй мамлекеттик тилде жазылып, калкка түшүнүктүү болушу камсыз кылынган. Ошону менен бирге мамлекеттик тилди билбеген чет элдиктер үчүн жогоруда аталган иш кагаздары расмий тилде да жазылып, илинип коюлган.

Биздин ишканада азыр 10 кызматкер иштеп жатат. Алардын баары мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, жазганды билишет. Калкты мамлекеттик тилде тейлөө жагынан эч бир кыйынчылык же тоскоолдуктар жок. Кызматкерлердин мамлекеттик тилди дагы да тереңирээк өздөштүрүүсү жана калкты тейлөөдө, өз ара карым-катнашта кеңири колдонушу үчүн атайын иш-чаралар жүргүзүлүп турат. Айрым маданий иш-чараларды эске албаганда да ар бир кызматкер өз билимин өстүрүү жагынан аракет кылып келет. Ошонун натыйжасында ишканада бул багытта көйгөй жок.

Азыркы учурда калкка түшүнүктүү болсун үчүн бир катар мурда орусча жазылып келген, ошондой эле орус тилинен алынган нускамаларды, жарыя-эскертүүлөрдү, түшүндүрмөлөрдү мамлекеттик тилге которуу, аларды кардарларга түшүндүрүү иштерин колго алынды. Бул орус тилин билбеген карапайым атуулдар үчүн жакшы колдоо, жардам болуп калат. Ошонун натыйжасында биздин кызматкерлер үчүн да кардарлар менен иштөө жеңил болуп, иштин натыйжасы артат.

Дагы бир айга жакын убактан соң мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын кезектеги жылдыгын белгилеп, кыргыз тилинин коомдук, улуттук баалуулугу тууралуу дагы бир жолу коомчулуктун өкүлдөрү арасында талкуу жүргүзөбүз. Биз Сузак районундагы 13 айыл аймактарында, бир шаардык башкармалыкта тийиштүү иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жазып-толтуруу, биздин бөлүм менен карым-катнашуу жагынан калк арасында тыгыз иш алып барабыз. Анткени, буларды атуулдар канчалык жакшы билишсе, биздин кызматкерлер үчүн иштөө ошончолук жеңил болот. Азыркы кезде мамлекеттик тилде иш-кагаздарынан кыйналган атуулдарга биздин кызматкерлерибиз жакындан жардам беришип, ошол аркылуу да аларга үйрөтүү иши жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын аймагында анын мыйзамдары толук кандуу аткарылууга тийиш. Азыр мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилде эркин жана сабаттуу жазуу жана сүйлөө талабы күчөтүлүп жатат. Албетте, бул колдоого алардык нерсе. Анткени, мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу биз өлкөнүн Эгемендигин да чыңдап, жалпы коомдун мекенчилдик аң-сезимин өстүрө алабыз.

Эрнст Абдырахманов,

Сузак  райондук калкты паспорттоштуруу  жана каттоо бөлүмүнүн башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: