Menu

Жээнбеков Бишкекте, Атамбаев Арашанда…

Бөлүшүү:

Жалпы окурмандарыбызды кечээ белгиленген Курман айт майрамы менен куттуктайбыз! Мусулмандардын улуу майрамында журт башкарган адамдар да злден четке калбай, майрамдык айт намазына жыгылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков борбор шаардагы мечиттердин биринде айт намазын окуган. Анын эл катары мечитке кирип-чыкканын сүрөттөрдөн, видеодон көрсө болот. Ал эми Жээнбековдун кечээки досу, учурда “номер биринчи” каршылашы, экс-ажо Атамбаев өзүнүн туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитке барды. Экс-президент андан чыгып “Ата-Бейит” комплексине да барып, 7-апрелде окко учкан жарандардын арбагына багыштап куран түшүргөн. АША ал жерге келген апрель баатырларынын да арыз-арманын укканын КСДПнын басма сөз кызматы сүйүнчүлөдү.

Ошол эле КСДПнын басма сөз кызматы бирок өткөн жумада Панфилов районунда болуп өткөн партиялык иш-чара жөнүндө ооз ачпады. Себеби, бул райондо да “Атамбаевсиз КСДП!”- ураанын чогулгандар бүт колдоду. Минтип кете бергенде эртең Атамбаев чын эле КСДПсыз калат өңдүү. Ошондо ал кимдин атынан сүйлөйт?

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: