Menu

АКШ долларынын куну жогорулады

Бөлүшүү:

Россия, Иран, Түркия жана башка мамлекеттерге АКШ тарабынан киргизилген санкциянын кесепети Кыргызстанга да тийип, доллардын куну көтөрүлүп жатат. Бул мамлекеттердеги долларды тутамдап өртгөгөн, өз ара соода-сатыкты улуттук акча менен жүргүзүү аракети да майнап бере элек. Акча рыногундагы  мындай тартыштыкты ооздуктоо үчүн Улуттук банк апрель айынан бери алгачкы жолу валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң долларды сатыкка чыгарды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн бешинчи жолу доллар сатты. Өткөн аптанын башынан бери Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 69.49 сом болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.60-70 сомдон сатылууда. Мындай кырдаалды Улуттук банк АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болуп жатканы менен түшүндүргөн. Башкы финансылык көзөмөлдөөчү Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирип, элди сооротуп келүүдө. Анткен менен банктар жана акча алмаштыруучу жайларда жашыл акчага карата таңкыстык күчөп, күндөн күнгө сатып алгандар көбөйүүдө. Тилекке каршы Улуттук банк резервдеги валютаны сатыкка чыгаруу аркылуу гана чектелип калуусу маселени чечпей жатат. Себеби Кыргызстандын акча рыногу да ачык экендигин билген чет элдик жана жергиликтүү ишкерлер ири суммадагы долларды сатып алышууда. Эгер кырдаал ушул жүрүшү менен улана бере турган болсо, күзүндө товарлардын да баасы көтөрүлүп, кыргыз сомунун куну кетип калышы же девальвация болушу мүмкүн дешүүдө адистер.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: