Menu

Албек Ибраимовдун мыйзамсыз байлыктары түп орду менен конфискацияланабы?

Бөлүшүү:

Бизде бай адамдардын кимиси кармалбасын, убактылуу жайларга камалбасын алардын артынан ондогон колдоочулары чыгып, аны биротоло кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча талап коюшарына көнүп деле калгандай болдук. Буга чейин канчасын көрдүк, тыйын-тыпырлуу адамдын туугандары да, аларга кызмат кылууну каалагандар да көп болушат. Алардын эмне үчүн кызмат кылышары да эч кимге жашыруун эмес. Бирок мурдагыларга салыштырганда Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов өтө эле көп беренелер боюнча айыпталып, ага коюлуп жаткан күнөөлөрдөгү суммалар да өтө чоңдугу менен айырмаланып жаткандыгын ачык эле айтышыбыз керек.

Буга чейин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык жаңжалдар боюнча 13 адам камалды, алар негизинен 1-2 эпизоддор боюнча айыпталышууда. Андан мурда Атамбаевдин тушунда Нариман Тулеев “Бишкек шаары үчүн Кытайдан автобустарды кымбат сатып келген” деген айып менен камалган. Андагы сот айыпталуучу тарап жыйнаган айрым документтерди кабыл албай койгондон кийинки гипотетикалык суммаларды жыйнаганда бардыгы 1 миллион долларга жеткен эмес. Ал эми Ахматбек Келдибековдун иши жөнүндөгү “икаяны” укуктук коом бар жерде айтуу да уят. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган чечим үчүн соттолгон. Ал эми Албек Ибраимовдун бир ишинде эле 152 млн. сомдук сумма чыгып жатпайбы! Ошон үчүн аны Жогорку Сот 2018-жылдын 29-августуна чейин абакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго 174, ал эми анын аялы Айнура Ибраимовага 137 кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр таандык. Алардын ичинде Айнура Ибраимовага тийиштүү бир нече ишканалар да бар. Эми тергөөчүлөрдүн алдында алардын канчасы Албек Ибраимов мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга келгиче, канчасы андан кийин алынгандыгын тактоо милдети турат. Бирок, ал жагы кандай болуп чыкпасын, экс-мэр баары бир жоопкерчиликке тартылбай койбойт, анткени ал аялы экөөсүнө таандык жогоруда айтылган мүлктөрдүн ондон бирин да декларацияларында көрсөткөн эмес, андан сырткары ал Кылмыш Кодексинин башка беренелери боюнча да айыпталууда. Анын өзүнө катталган короо жайлары менен 5 үйү болсо, алардын бири да декларацияларында көрсөтүлбөгөн. Аракеттеги тийиштүү мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматкер өзүнө жана жакындарына тийиштүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, акча каражаттарын жашыргандыгы үчүн 3 жылдан 6 жылга чейин камалышы керек.

Албек Ибраимовдун Арашан айылында жалпы аянты 320 гектар жери, короолонгон 30 гектар жери менен хан сарайы бар. Кошуналарынын айтымдарында, ал аянтка экс-мэр элиталык шаарчаны куруп жаткан экен. Эгерде экс-мэр аны аягына чыгарууга үлгүрсө, эс алуучу зонадагы ал шаарча 5-6 сотуктан участкалары, коттедждери менен майдаланып бөлүнүп, ондогон миң долларларга сатылмак.

А.Ибраимов “Дастандын” жетекчиси болуп турганда жабдуулар менен камсыз кылуучулардын биринен 270 миң доллар пара алгандыгы, ишкананын “Солнечный берег” пансионатынын акцияларынын бардыгын мыйзамсыз сатып, мамлекетке 152 млн. сом, жабдууларды өз бааларынан кымбат сатып алып 460 миң доллар зыян келтиргендиги, Бишкектин мэри болуп турганда коррупциялык схеманы уюштуруп, жалпы аянты 5 гектардан ашык жер участкасын мыйзамсыз саттыргандыгы, ошондой эле УКМКнын тергөөчүлөрү суракка чакырса келбей, аларды куралдуу каршылык көрсөтүү менен коркуткандыгы, байлыктарынын көбүн декларациясында чагылдырбагандыгы үчүн айыпталып жатат.

Аялынын TM Orlan Group деген компаниясы бар, ал авиабензиндерди жана майлоочу майларды сатат. Аялы аны 2015-жылы же А.Ибраимов “Манас” аэропортун жетектеп турганда компанияны сатып алып, ошондон бери Тамчыдагы аэропортту да күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз кылып келген. Мында кызыкчылыктардын кагылышы бар, ага кошумча аялы Айнура Ибраимова бир жылдай күйөөсү менен чогуу бизнес кылган. Ал аракеттеги айрым мыйзамдарга каршы келет. А.Ибраимов 2016-жылдагы декларациясында аялынын жогоруда аталган компаниясын, андан канча киреше алышкандыгын көрсөткөн эмес.

ТМ Orlan Croup 2016-жылдын 14-октябрында же А.Ибраимов мэр болуп шайлангандан 9 айдан кийин кайра каттоодон өткөрүлүп, уюштуруучусу Батырбеков Бекбол деген болгон. Азыркы убакта анын ээси Абдыкалыков Арстан Сатарович деген адам. Ээлери эки жолу алмашкан менен компаниянын юридикалык дареги өзгөргөн эмес, М.Элебаев, 32. Ал жерде мурдатан Айнура Ибраимова катталып келген.

Булардан сырткары экс-мэрдин аялына мурда “Нефтепродукт” ЖЧКсы да катталып жүрсө, азыр анын уюштуруучусу жогоруда аталган Бекбол Батырбеков, директору Арслан Абдыкалыков деген адамдар. Алардын артында турган дагы деле экс-мэрдин аялы өзү.

Мына ушулардын бардыгына экс-мэр мыйзамдуу ээ экендигин тергөөчүлөргө тийиштүү документтердин негизинде ынанымдуу далилдеп бере алабы? Эгерде аларды аялы экөөсү маңдай терлери менен тапкандарга сатып алышса, эмне үчүн декларациясында толук көрсөткөн эмес? Декларациясында көрсөтүлбөгөндөр, каржылоо булактары мыйзамдуу экендиги аныкталбагандардын бардыгы конфискацияланып, мамлекеттин пайдасына өткөрүлөбү?

Д.Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: