Menu

“7 – канал” мындан ары Алмазбек Атамбаевдин арыгын чабат

Бөлүшүү:

Акыркы кезде “Апрель” телеканалы күргүштөп иштеп, коомчулуктун көзүнчө кожоюну А.Атамбаевди “аппапакай” кылып көрсөтүүгө катуу аракет жасоодо. Кыргызстандагы мыкты тележурналисттерди чогултуп, медиа-рынокто кыска убакта өз ордун тапты.

Учурда белгилүү болгондой, түштүктө популярдуу болуп саналган “7-каналдын” ээси да Алмазбек Атамбаев болуп чыкты. Телеканал “Канал D” ЖЧКсына тийиштүү, быйыл 4-майда ал кайра каттоодон өткөн жана ээси катары экс-президент Атамбаев менен “Апрель” фонду көрсөтүлгөн.

“7-каналды” 2011 -жылы “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев түптөгөнү белгилүү. Ошол кезде канал абдан популярдуу болуп, сүйүктүү, элдик телеканалга айланган. Бирок, 2014-жылы К.Ташиев телеканалды сатууга мажбур болгон.

Кийин белгилүү болгондой, “7-каналга” экс-президент А.Атамбаевдин “шоопуру” аталган Икрамжан Илмиянов кожоюн болгон. Экс-президентке ошондо “7-каналды” Икрам ака белек кылган болобу? Буга чейин Илмиянов бир нече жолу: “мен саясаттан кеттим, аралашпайм”- дегендей маек берген. Бирок, саясаттан кетип жатып сүйүктүү агасы Атамбаевге телеканалын белекке берип кеткени билинип олтурат.

Атамбаевдин кол алдында иштеген ондогон журналисттердин армиясы бар. “Апрель” фонду аркылуу учурда бир катар гезит, сайттар каржыланып, алар азыркы бийликти жаманатты көрсөткөн, ошол эле учурда АШАны көкөлөткөн материалдарды бере баштады. Мунун баары эмненин белгиси? Же Атамбаев чындап эле күзгү күрөшкө катуу даярданып жатабы?

“7-канал” тууралуу айта турган болсок, аны Алтынбек Жумаев башынан бери башкарып келе жатат. Буга чейин “Республика – Ата Журт” партиясынан ЖК депутаттыгына ат салышкан. Аны карапайым адамдар калыстык, чындык үчүн күйгөн эл уулу катары билет. Бирок, бул сапар ал тандоо жасашы керек, же “7-каналда” калып АШАны колдойт, же эл тарабына өтүп, азыркы президентке жардам берет… Калганын көрө жатарбыз!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: