Күзүндө шайлана турган омбудсмеңдик орунга Турсунбек Акундун талапкерлиги жогору жактагыларга жагып, колдоого алынып атканынан кабар алдык. Буга чейин Турсунбек мырза президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын катуу колдоп келгени текке кетпеген көрүнөт. Парламент депутаттары жайкы каникулдан келишсе, акыйкатчыны шайлашары, бул жааттан да атаандаштык курч болору эмитен айтыла баштады. Тукеге жогору жактын көзү түз болуп турса, албетте, омбудсмендик эски орунга барары шексиз. Бирок, саясый кырдаал күндө өзгөрүлүп аткан чакта, дагы да жарышка түшчүлөрдүн дымагы ойгонуп, «кылчайнашуу» кыйынга туруп калышы ыктымал.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ