Menu

Испанияда ЛГБТ өкүлдөрү үчүн карылар үйү ачылат

Бөлүшүү:

Испания дүйнөдө биринчи жолу кары кумсалар үйүн ачат. Имарат 2018-жылдын аягында Мадриддин түштүгүндө курулуп бүтөт жана мамлекеттик бюджеттен камсыздалат. La Vanguardia гезити жазгандай, жаңы борбордо 60тай киши жашайт.

Басылма келтирген статистикага ылайык, Испанияда 65 жаштан жогору 160 миңдей киши өзүн ЛГБТ өкүлү деп эсептейт. Активисттердин айтымында, өлкөдө адам укуктары боюнча абал жакшы болгонуна карабай, улгайган гомосексуалдар карылар үйлөрүндө дискриминацияга учурап келишет.

Испания Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп бир жыныстуу никени мыйзамдаштырган. Pew Research Center иликтөөлөрүнө ылайык, испандар ЛГБТ коомуна карата толеранттуу калк болуп эсептелет. Социологдордун маалыматы боюнча Түштүк Африкадагы Гана өлкөсүндө кумсалар өтө жектелет. Орусияда сурамжылоого катышкандардын 72% бир жыныстуу никени нормалдуу эмес деп эсептешкен.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: