Menu

Эмне үчүн Шавкат Мирзиёевдин аброю дароо көтөрүлгөн?

Бөлүшүү:

Себеби, ал бийликке келер замат чечкиндүү саясый кадамдарды жасаган. Ислам Каримовдун айынан саясый туткунга айланышып, түрмөдө жаткан коомдук ишмерлерди тез арада эркиндикке чыгарган. Мирзиёевдин адилеттүү, айкөл буйруктары Өзбекстанда эле эмес, Борбордук Азияда да колдоого алынганы эсибизде. Ал ошого катар үлкөн коррупционерлерди, шектүү күч органдарынын башчыларын камата баштаган. Андан соң экономикалык, өңдүрүштүк багыттагы реформаларды жөнгө салып, бул жааттагы кадрлардын профессионалдуулугуна көңүл буруп, туура пайдаланганы, ал эми тышкы саясаттагы көрөгөчтүгү, ачык позицияны тутунганы да колдоого алынган. Кошуна өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди жакшыртып, о.э. Россия, Кытай сыяктуу чоң державалардан инвестиция тартуунун мисалын көрсөтүп келатат. Кыскасы, Өзбекстандын өнүгүшү үчүн кадыресе жол салып койду. Учурда коңшу өлкөлөр Шавкат Мирзиёевден үлгү алышары жашыруун деле эмес го…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: