Menu

Кыргызстанда илим кризистин сормо сазына баттыбы?..

Бөлүшүү:

Педагогика тармагындабы же тил илиминдеби, айтор,бир окуя болуптур. Илимдин доктору даражасын алган бир агай жогорку сыйлыкка көрсөтүлүп калат. Ал илимий даражаларды алганы ырас. Бирок, «диссертациясын өзү жазган эмес» деген таризде Акүйгө кесиптештери тарабынан арыз жөнөтүлүп, ошонун айынан ал илимпоз сыйлык албай калганы айтылып жүрөт. Көрсө, окуя бекер болбоптур. Анткени, азыр илимий чөйрөдө окумуштуулар чыныгы илимпоздор жана жасалма окумуштуулар (диссертациясын бирөөлөргө жаздырып алган) болуп бөлүнөт экен. Ушул маселе боюнча Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Аскар Медетовго кайрылсак, ал төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

– Минтип маселени кабыргасынан койгонуңардын жөнү бар. Мисалы, А.Жапаров, А.Келдибеков сыяктуу саясатчылардын илимий даражалары бар. Бирок, алар окумуштуулар  эмес, саясатчылар катары бааланат…

Кайсы бир илимпоз бир күн да илимий турмушка аралашпаса, окумуштуулар чөйрөсүндө өздөрүн чыныгы адис экенин көрсөтө албаса, аларды ким кесипкөй катары эсептейт? Күбөлүгу бар илимдин жасалма кандидаттары, докторлору көбөйдү. Эми бул маани-маңызын, парзын түшүнбөй, Меккеге, ажылыкка барып келип ажы болгонду мындай кой, жөн эле момун мусулман болгонго жарабай, селдесине чок түшүп жүргөн жасалма ажылардын жоругундай эле кеп. Дагы бир мисал: профессор Турусбек Маразыковдун жубайы Гулнара Иманакунова бизден бир курс кийин окуган. Анын студент кезинде же андан кийин деле илимге кызыгып, шугулданганын байкаган эмеспиз. Ал жакшы үй кожойкеси экенин билчүбүз. Турусбек Маразыков «аялым самогон салып жатат, күйгүзүп көрсөк көк жалын болуп күйдү» деп өзү аялы жөнүндө айтып жүргөнүн угуп калчубуз. Эми ошол Гулнара 50ден ашканда илимдин кандидаты болуптур. Албетте, ал ЖАКтын процедураларынын негизинде коргоду деңизчи, бирок, аны илимий чөйрө, коомчулук илимпоз катары кабыл алабы? Кеп ошондо болуп жатпайбы.

Азыр таш ыргытсаң колунда күбөлүгү бар жасалма окумуштуулардын башына тийет. Алар жаандан кийинки козу карындай эле көбөйүп кетти. Ушунун өзү илим кризистин сормо сазына батып баратканын далилдеп турат. Ушундан улам «чындык» деп өмүр бою чыркырап жүрүп өткөн залкар илимпоз Салижан Жигитов тээ токсонунчу жылдары эле «… Кыргызга канчалык ачуу болсо да чындыкты айтуу керек. Биз жалкоо болуп атабыз. Жогорку билимдүүлөрүбүздүн чыныгы жогорку билими жок, дүйнөлүк стандартка салыштырганда профессорлорубуз профессор, доцентгерибиз доцент, инженерлерибиз инженер эмес» деп коомду чырмооктой каптаган коррупциянын аркасы менен «иттин уулу Байгара» да кандидат, доктор болуп, илимий даражанын баркы кетип, девальвацияга кабылган азыркы учурду алдын ала көрө билип, күйгөнүнөн айткан турбайбы…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: