2018-2019-окуу жылы башталары менен аз саат өлчөмүндө иштеп жаткан мугалимдердин сааттары кыскартылат. Министрликтин ушул жылдын башындагы буйругу жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп жатат. Андагы маалыматка караганда, сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер эмки окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал. Буйрук күчүнө кирсе жумасына 4-6 саат менен иштегендердин сааттары бириктирилип, бир ставкага толукталып, мугалимге берилет. Натыйжада бир нече окутуучу ишинен кол жууп калганы турат. Минтип далай мугалимди ишсиз калтыруу алдында турган министр Кудайбердиева орус-еврей кеңешчилеринин акылы менен Кыргызстанга Орусиядан 500 мугалим алып келүүнүн аракетин көрүп жатканы да басма сөздө айтылууда. 500 орус мугалим Кыргызстандын шартына көнүп, айлыгына чыдап иштейби? Же аларга кошумча эмгек акы берүүгө Кудайбердиева макулбу? Эң башкысы, алар орус пропагандасын жайылтпасына кепилдик барбы? Айтор, министр айымдын акыркы кылгандары акылды айраң кылууда.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ