Menu

Тажикстанда сим-карта алууну каалагандардын узун кезеги жаралды

Бөлүшүү:

Тажикстандагы мобилдик компаниялардын алдында бекер сим-карта алууну каалаган адамдардын узун кезеги жаралды. Бир нече күн мурда мобилдик операторлор кардарларына 1-сентябрдан тарта сим-карталар 250 сомониге (26,5 доллар) чейин кымбаттай тургандыгы жөнүндө смс-билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

Өлкө жарандары абоненттик номурун кайрадан каттатуу үчүн дагы ушундай эле сумманы төлөшү керек болот. Айрым абоненттер 1-сентябрга чейин жаңы сим-карта сатып алып, бекер каттатып алууну чечишкен. Августтун башында Тажикстанда сим-карта баасы 250 сомониге чейин кымбаттай тургандыгы белгилүү болгон.

Мобилдик компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымдарында, сим-карталардын бааларын жогорулатуу демилгеси өлкөнүн Ички иштер министрлигине таандык. Мекеме бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки “коопсуздук чараларын” күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирген.

Былтыр жайында Тажикстандагы мобилдик операторлорго бир адамга экиден ашык сим-карта сатууга тыюу салынган. Мындай чечим ИИМ, УКМК жана Байланыш кызматы тарабынан кабыл алынган. Эксперттердин пикиринде, сим-карталарга социалдык түйүн колдонуучуларынын аккаунттары, электрондук даректери жана банк эсептери байланган жана ал маалыматтар террорчулар менен уюшкан кылмыштуу топтордун колуна тийип калышы мүмкүн.

2015-жылы декабрда өлкө УКМКсынын төрага орун басары Мансур Умаров тажик сим-карталарын «Талибан» кыймылынын жана башка террордук топтордун мүчөлөрү, ошондой эле аткезчилер колдонуп жүрүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, тажик сим-карталары коңшу Ооганстандын түндүк аймактарында түрдүү террорчулар менен маңзат аткезчилери тарабынан колдонулган учурлар катталган.

Учурда Тажикстанда «Бабилон», «Тселл», «Мегафон» жана Beeline» компаниялары мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүп келишет. Алардын жалпысынан 4,1 миллион активдүү абоненти бар.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: