Menu

Алчыбай Төралиев, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы: Күзүндө күрүч фестивалын өткөрөбүз

Бөлүшүү:

– Алчыбай мырза, Ак-Турпактын күрүчү өзүнчө эле бренд болуп калбадыбы. Жылына канча тонна өндүрөсүздөр?

– Биздин айыл аймагынын тургундарынын негизги кирешесин күрүч, анан багбанчылык түзөт. 2 миң гектардан ашык жерге күрүч айдалат. Ар бир гектардан орточо 3 тоннадан түшүм жыйналса, жалпы жонунан 6-7 миң тонна күрүч өндүрүлөт. Ата-бабабыздан калган жайдари девзира деген сортубуз бар. Ак-Турпактын атагын ошол сорт чыгарып, элибиз ошол сортту жоготпой сактап келатат. Акыркы кездерде дыйкандар арзан болсо да түшүмдү, кирешени көп берет деп взрос, аланга, андижан, лазер сыяктуу башка сортторго өтүп, жайдари күрүч он пайыздай эле эгилүүдө. Себеби, жазында күн ысып 40 градустан ашканда биздин күрүчкө шире түшүп, өзүнөн өзү жел уруп кетип атат. Башка сортторго ал таасир кылбайт. Ошондуктан, биз адистер менен иштешип, келишим түзүп, Россиядан органикалык дарыларды алып келип жатабыз. Мен өзүм тажрыйба иретинде бир гектар жерге үрөндү дарылап эгип көрдүм эле, жанагындай ооруга чалдыкпады. Түшүм да жакшы болду, 20-30 пайызга көтөрүлөт экен. Эки жылдан бери элге да “Ак-Турпактын жайдари сортун жоготуп ийгенде болбойт, үрөндү дарылап эксеңер оору болбойт” деп түшүндүрүп атабыз.

– Буга чейин Өзгөн күрүчү кеңири колдонулуп келсе, азыр Ак-Турпак күрүчү ага кадимкидей атаандаш болуп калды. Эки күрүчтүн өзгөчөлүгү эмнеде?

– Бардык нерсени базар баалайт экенда. Мурда Өзгөндүн күрүчү Ошко келип, андан Маргаланга сатылчу. Биздики Кокон, Риштан, анан Маргаланга кетчү. Биздин күрүчтү мурда Чоңгара дарыясынын жээгинде эгилгендиктен, «Чоңгара» деп коёт эле. Кийин Ак-Турпак аталып кетти. Чоңгара күрүчү түгөнсө, анан Өзгөндүкү сатыла баштачу. Атаандаштык алгач ошол жерден пайда болгон. Ал эми Ошко биздин күрүч келбейт эле. Азыр эми Оштун, Бишкектин базарын да кадимкидей ээлей баштады. Өзгөндүн күрүчү аябай даамдуу. Бирок, ал ашказанга катуурак келет экен. Ал эми биздики жумшак, диетикалык десек болот. Азыр Ак-Турпактын күрүчүнүн негизги бөлүгүн тажикстандыктар алып кетип, таңгактап, Россияга экспорттоп атышат.

– Ошол нерсени сиздер өзүңүздөр жасасаңыздар болбойбу?

– Болот, албетте. Былтыртан бери Ак-Турпактын соода борборуңда фестиваль өткөрсөк деген оюбуз бар.

– Эл орточо канча тоннадан түшүм алат?

– Жайдари күрүч азыраак эгилет. Айталы, бир гектар эксеңиз эки жарым тонна түшүм берет. Ал эми башка сорттордон 4-4,5 тоннадан алса болот.

– Баасы Ак-Турпактын өзүндө канчадан?

– Жайдари күрүч 120 сомдон 180 сомго чейин. Ал эми оору тийбеген башка сортторунуку 60-70 сомдон.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: