Британиянын Солсбери шаарында мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы киргизген санкцияларынын биринчи топтому 27-августта, Федералдык реестердин сайтына расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу ТАСС жана РИА Новости агенттиктери Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө шилтеме кылып жазышты.
Буга чейин чектөөлөр 22-августта күчүнө кире тургандыгы кабарланган.
«Химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө тууралуу мыйзам менен белгиленген эскертүү мөөнөтү 22-августта аяктап, санкцияны күчүнө киргизе турган билдирүү Федералдык реестрге берилди. Анын 27-августта жарыяланышы күтүлүүдө»,— деп билдирген америкалык тышка саясат мекемесинин өкүлү.
Мамлекеттик департамент тарабынан 8-августта жарыяланган санкцияларулуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бар товарларды жана технологияларды, электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салат.
Москва химиялык жана биологиялык курал колдонбой тургандыгына кепилдик бербесе, бир нече айдан кийин санкциялардын экинчи топтомун киргизүү пландалууда. Анда башка чектөөлөр менен катар эле «Аэрофлот» компаниясынын АКШга учуусуна тыюу салуу жана өз ара соода көлөмүн болушунча кыскартуу каралган.
Вашингтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар чыккандан кийин орус рублдинин куну кескин төмөндөп кетти.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ