Menu

Белгилүү тажик адвокаты Шухрат Кудратов эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

2015-жылы паракорчулукка айыпталып, 9 жылга соттолгон белгилүү тажик адвокаты Шухрат Кудратов эркиндикке чыкты. Тажикстан Жогорку соту төмөнкү баскычтагы соттун өкүмүн өзгөртүп, аны 3 жыл 8 айга түрмөгө кескен.

Шухрат Кудратовдун санаалаштары ал бийликке жакпаган кишилерди коргогону үчүн жазаланды деп эсептешет.

Тажикстан Социал-демокартиялык партиясынын лидери жана белгилүү адвокаттын үзөңгүлөшү Рахматилло Зоиров Шухрат Кудратов 2016-жылы күзүндө эле мунапыс менен түрмөдөн чыкмак деп билдирди.

Рахматилло Зоиров
Рахматилло Зоиров

Шухрат Кудратов мурдагы өнөр жай министри жана белгилүү ишкер Зайд Саидовдун үч адвокатынын бири болгон. Ал 2014-жылы 21-июлда кылмыш ишин токтотуу үчүн кардарынан 2000 доллар алууга айыпталып кармалган. Кудратов өзү болсо акчаны жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн жабырлануучу тарапка берүү максатында алганын айткан.

Шухрат Кудратовдун камалышы, 2014-жыл, июль айы
Шухрат Кудратовдун камалышы, 2014-жыл, июль айы

Эл аралык укук коргоо уюмдары 2014-жылы Тажикстанда кеминде алты адвокат – Шухрат Кудратов, Фахриддин Зокиров, Бузургмехр Ёров, Жамшед Ёров, Нуриддин Махкамов жана Дильбар Дододжонова камалып же эркинен ажыратылганын бир нече жолу тажик бийлигинин эсине салган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: