Menu

“250 миң сомду жеп койду” деп кылмыш иши козголгон Закир Шарапов кандайча депутат болуп калды…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин аты-жыты билинбеген Закир Шарапов деген депутаты бар. Депутат болуп келгени Кадамжайдагы Айдаркен сымап комбинатын жаптыра албай убара тартууда. Беш жүз киши иштеп, бүтүндөй бир шаардын тиричилигин камсыз кылган ишкананы жаптырууга кызыкдар болуп, эмне мынча шаар элине кастарын тигип калды десек, ишкана жабылса ЮНЕП деген диверсиялык программанын алкагында чет өлкөдөн ири суммада акча келет экен. Ошол акчадан өөнөп калууга көз кызартып жаткандай… Өкмөт буга окшогон өчөйгөн экономиканы ого бетер оңколото турган, түбү бузук программаны кабыл алуудан сак болушу кажет. Анткени мунун артында Кыргызстандын бүтүндөй оор ири өнөр жайларын талкалоо максаты кашкайып көрүнүп турат. Бирок бул маселе Закир Шараповго окшогон акчадан башканы көрбөгөндөрдү ойлондурбайт тура. Бул депутатка 2008-жылы Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин статс-секретары болуп турганда 250 миң сомду «жеп койгон» деген негизде Финполиция тарабынан кылмыш иши да козголуптур. Анан кантип депутат болуп калды дешип баш катыргандар арбын… Тиешелүү органдар ишмемердүүлүгүн тыкыр иликтеп чыкчу неме экен…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: