Menu

Жолдошбек Жунушев президенттин саясатына каршыбы?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы ирип-чирип калганы айкын болду. Бул кызматтын жетекчиси Жолдошбек Жунушев дайындалганына жарым жыл болбой жатып чу дегенде эле ыр-чырдан төбөсү көрүндү. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, таза иштөө талабын коюп жатса, Жунушев тескерисинче таза иштейли деген кызматкерлерин куугунтуктап, ашмалтайын чыгарып жатканын аталган мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбеталиева жар салды. Ал иштен мыйзамсыз алынганына даттанып, мекеменин имаратынын ичинде пикет өткөрдү. Буга анын кызматтын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканы себеп болгон. Мындан улам Анара айым: «Мен кечээ кадимкидей эле жумушка барсам, мени 15-август күнү берене менен жумуштан алып коюшканын айтышты. Мен жайдын башталышында “келгиле, президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз, биз дагы таза иштейбиз, өзүбүздөн баштайбыз” деп чыккам. Анан биздеги айрым кызматкерлердин коррупцияга малынып жатканын, аты-жөндөрүн башчыбызга ачык айткам. Натыйжада мени мамлекеттик кызматка кайтып келбей турган берене менен иштен алып салышыптыр. Алар мага “Өз арызың менен иштен кетсең, анда беренени алып салабыз” – дешти. Бирок мени күнөөсүз жерден кетирип жатышканы үчүн арыз жазган жокмун. Мага коркутуулар, эскертүүлөр да болду. Ошого кан басымым көтөрүлүп кетип, учурда ооруканада жатам» – деп билдирди.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: