Кыйла ызы-чуу менен Бишкектин мэри болуп дайындалган Азис Суракматов балыкчы-балыкчыны алыстан тааныйт деген макалдын чындыгын бышыктап жатат. Мына мэриянын алдындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынынын жетекчиси Рыспек Сарпашевди өзүнө орун басар кылып дайындады. Бул жигиттин баскан изи мандемдүү, “куйругунда калбыры бар” экени боюнча президентке кайрылуу жолдонду. “Тазалыктын” кызматкерлери Рыспек Сарпашев башкарган беш жылдын ичинде орой мамиледен, мыйзамсыз иштерден жабыр тартышканын, ишканада коррупциялык схема гүлдөгөнүн айтышкан. Ырасында Сарпашев 2009-жылы ишканага директор болуп, шойкомдуу иштери үчүн 2010-жылы иштен бошотулган. Кийин Албек Ибраимовдун доорунда мурдагы кызматын ээлеп, өз билгенин кылганы айтылууда. Эми ошол ишмердүүлүгү күмөн жараткан адамды өзүнө орун басар кылып алган мэрдин жоругуна таң калып жакасын кармагандар арбын. Көрсө, Суракматов кыргыз тилин эле билбестен, иштин көзүн да билбейт окшобойбу?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ