Menu

Тынчтыкбек Чоротегин, илимпоз: Ооган кыргыздарынын ханынын ысымын Ажы Буту эмес Ажы Буто деп атайлы

Бөлүшүү:

Белгилүү тарыхчы илимпоз жана журналист, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин ооган кыргыздарынын жаңы шайланган ханынын ысмы тууралу социалдык тармактарда жарыяланган жаңы постун сунуш кылабыз:

Кесиптеш карындашыбыз Жаңыл Жусупжан быйыл (2018-жылы) оогандык кыргыздардын ханы болуп жаңы шайланган жигиттин ысымы Ажы Бото эмес, Ажы Буту экенин тастыктады.
Мында Буту сөзү пакистандык маркум Беназирдин жана анын атасынын Бхутто деген тегатынан келип чыккан экен. Демек, “Буту” антропониминин “бут” (leg) менен да эч алакасы жок экен.
Бизде орусча айтылганды туурап, тилибиз чайналса да Бхутто дейбиз, Ооган Памириндеги туугандар жөнөкөйлөтүп Буту деп алышыптыр.
Менимче, адабий тилибизге бул ысымды “Буто” деп алсак жөндүү, “Бхутто” деп отурбастан. Жогорудагы хандын ысымын деле кыргыз адабиятында Ажы Буто деп алганыбыз жөндүү деп ойлойм.
Ошондо Буто сөзүн баланчанын буту дегенге эч чаташтырбайбыз.
Башка да пакистандык Бхутто сыяктуу ысымдарды жөнөкөйлөтүп чагылдыруунун жолун издейлик.
Албетте, оогандык паспорт чыгаруу мекемеси Буто сөзүн да, Буту сөзүн да бирдей эле بوتو деп жазышы күтүлөт (мында вав тамгасы эки жолу — ба жана та тамгаларынан кийин бирден жазылат; вав тамгасын маанисине карап, кыргыздар бирде у деп, бирде о деп окуй беришет).
Аны биз Кыргызстандагы адабий тилде Буто деп эле окуганыбыз жөндүү.
Орток чагатай арап жазмасында деле, маселен, хукм, хаким деп жазылчу, аны өзбекче хукм, хаким деп окушса, кыргызча өкүм, аким деп эле окуп кете беришчү. Ош шаарынын аталышын деле тээ орто кылымдардагы арап жазмаларында Уш деп (вав жана шин тамгалары менен) жазышчу, бирок жергиликтүү калк бул топонимди Ош деп эле окуп алчу.
XIX кылымдагы айтылуу аксылык миңбашынын чагатай алабиятында Йусуф мингбаши» деп жазышчу, тоолук (аксылык, чаткалдык, таластык) кыргыздар болсо анын ысымын Нүзүп бий, Нүзүп миңбашы деп эле айтышчу.
Жыйынтыктасак, механикалык түрдө ээрчибестен, кыргыз адабиятында бул хандын ысымын Ажы Буто деп алсак дурус болоор эле деп кайталап сунуш кылам (дари тилинде сүйлөөчүлөр өз эне тилине ылайык каалашынча айта беришсин). 

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору
20.8.2018.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: