Menu

Москвада уурулукка кирген 3 кыргыз жигит ок жеп, колго түшүштү

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-августтун кечинде, Москвадагы Ярослав шоссесинде жайгашкан курулуш материалдары кампасынын ээси Павел Х.  аттуу жаран кампасына уурулукка кирген 3 кыргыз жигиттин үстүнөн чыгат да аларды кармоого аракет кылат. Уурулар Хундай Портер унаасына курулуш материалдарын жүктөп жатышкан болот. Кампа ээси үчөөсү менен теңтайлаша албасын түшүнүп, травматикалык ок атуучу куралын колдонот. Жарат алса да качууга аракет кылган ууруларды келип калган полиция кармап, экөөсүн абакка, бутуна ок жеген бирөөсүн ооруканага жеткиришет. Бул тууралу Москванын “360” телеканалы кабарлайт.

Кармалгандар: 1987-жылы туулган Төрөбек Б., 1972-жылы туулган Улукбек Т. жана 1992-жылы туулган Жылдыз К. аттуу кыргыз жарандары болуп чыгышты.

Орус полициясы аларга каршы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөнү баштады.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: