Menu

Видео – Кыргыз артисттери сентябрда Ташкентке футбол ойногону барышат

Бөлүшүү:

Кыргызстандык артисттер сентябрда Ташкентке барып, өзбекстандык кесиптештери менен кезектеги футбол беттешин өткөрөт. Бул тууралуу 21-августта Ошто уюштурулган мелдеште кабарланды.

Курман айт майрамынын урматына Ош шаарында Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн футбол эки өлкөдөгү актер, ырчылардын катышуусундагы шоу менен коштолгон. Аны Ош мэриясы, “Азем” борбору жана “Ынтымак” телеканалы уюштурду. Билетти сатуудан түшкөн акча Оштогу Улуттук драма театрга жана Бабур атындагы өзбек драма театрына берилери айтылган.

Таймашты кыргызстандык белгилүү футбол калысы Бахадыр Кочкоров башкарган. Анда 10:5 эсебинде кыргыз артисттери уткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: