Жакында Сузак РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы кыргыз паспортун колдонуп жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармады. Тагыраак айтсак, Өзбекстан Республикасынын жараны Сузак райондук паспорт бөлүмүнөн 2 500 долларга Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун (ID Карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) сатып алып колдонуп жүргөн. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси менен кылмыш иши козголуп, паспорт ээси Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Мамкаттоо кызматы ак же көк дебестен, тымпыйган бойдон отурат. Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаиковага көптөгөн сын-пикирлер айтылса дагы, “кылы кыйшайбай олтурганы” кандай? Же тиреген “тирөөчү” күчтүүбү?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ