Айрымдар кызматтан кетүүнү же бош олтурууну трагедия катары кабыл алышат. Ал эми айрымдар эч кандай эмоцияга алдырбастан, өз мезгилин күтө билишет. Эсеби маселен, Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Канат Муратбеков ден соолугун чындап, балдарына кенен убакыт бөлүп, аны менен бирге эс алууда. Аныгында Канат мырза кандай иш болбосун алдыга сүйрөп, андан оң натыйжа чыгара алаары анык эмеспи. Андыктан, «Көздүү мончок жерде калбайт» демекчи, иш билги жетекчи Муратбековдун кыргызга кызмат кыла турган мезгили алдыда эмеспи.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ