Menu

Тажикстан: Токойчуларга “Талибан” кыймылынын жоочулары кол салган

Бөлүшүү:

Тажикстан Чек ара кызматы Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч жашоочусуна “Талибан” кыймылынын жоочулары кол салганын билдирди.

Алар “Нива” автоунаасында бараткан үч токойчуну миномет жана Калашников пулемету менен аткылашкан. Экөө мерт болду, бирөө жаракат алды.

Тажикстан Чек ара кызматындагы өз булак токтойчулардын расмий лицензиясы бар экенин, ошол күнү чөп чабуу үчүн жолго чыгып, аткылоого кабылганын кошумчалады.

Учурда тажик-ооган чек арасындагы кырдаал көзөмөлгө алынды, окуя болгон жерге милиция, чек ара кызматкерлеринен турган кошумча күч тартылды. 27-августта токойчулар аткыланган жерге тик учак менен ички иштер министри, атайын кызматтын төрагасы баштаган топ келди.

Ооган чек арасына жакын жерде мерт болгон Фархор аймагынын эки жашоочусунун сөөгү экспертиза үчүн райондук ооруканага жеткирилди. “Тергөө уланууда, тиешелүү органдар бардык верияларды карап жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен өлгөндөрдүн сөөгү туугандарына берилет”, – деди өз булак.

Жарадар болгон үчүнчү токойчу ооруканага жеткирилген жок.

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну 26-августта «Нива» автоунаасы менен бараткан жеринен ооган тараптан ок атууга дуушар болгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: