Menu

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак уланууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия тарабынан төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине талапкерледен документ кабыл алуу мөөнөтүн 2018-жылдын 30-сентябрына чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алынды, – деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы;

– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Мындан тышкары, төмөнкү бир катар мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине карата сынак 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө жарыяланган:

– Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.

Документтерди кабыл алуу 2018-жылдын 30-сентябрына чейин ишке ашырылат.

Маалымдама:

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз карашы, идеялары же сунуштары болушу;

6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.

Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек (басылып чыккан форматында жана КР мамлекеттик, же расмий тилинде жөнөтүү сунушталат):

1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы, же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен негизделген Комиссияга даректелген каты;

2) Сынакка документтерди бергенге чейинки 6 айдан берки фотосүрөтү менен өмүр баяны (резюме), талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтар, туулган күнү жана туулган жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облус), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номурлары, электрондук почта) көрсөтүлөт;

3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусундагы жеке көрө билүү сыпаттамасы сүрөттөлөт;

4) 2 сунуштама кат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

1) почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнө” деген жазуусу менен),

же болбосо, [email protected] электрондук почтасы аркылуу:

2)     конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңештер сынагына» деген жазуусу менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: