Menu

Бейшенбек Иманалиев, “Имарат строй” компаниясынын президенти: Жаңыча көз караш менен тышкы карыздан кутулуунун жолун издейли

Бөлүшүү:

Агабызды окурмандарга тааныштыруунун кажети деле жоктур. Сыймыктанган инсандын, мыкты курулушчунун ордо калаабыздагы турак жайлары эл оозуна эбак эле алынып, мактоого арзып келет. Агабыз менен союз мезгилин эстедик, мамлекеттин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу азыноолак кеп кылдык.

– Бейшенбек ага, менчик курулуштук компания кантип жаралат, тарыхка байланышы барбы?

– Өлкө ичиндеги азыркы жүрүп аткан иштер, мейли шаар курулушу болобу, мейли башка өндүрүштөр болобу, же айыл чарбасын албайлы, баарын эске алганда, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин мурунку тарыхына байланышы бар. Башкасын айтпаганда да, мындан 25 жыл мурун ким элек, кандай элек? Көчөлөрүбүздө «Жигули» менен «Москвичтен» башка машине жок болчу. Улуу совет державасынын акыркы курулуштары 1992-1995-жылдары барып токтоду. Ал учурда бир да менчик курулуштун жыты да болгон эмес, түшүбүзгө да кирбеген чыгар. Анан биздин өлкөгө акырындык менен түрк жана башка мамлекеттин курулушчулары келип, жаңы имараттарды, анын ичинде турак жайларды сала баштады. Аны менен бирге «элдүү түлкү ачка өлбөйт» болуп, колунда барлар квартираларды сатып алуу менен турак жай курулушунун өсүшүнө жана жаңы курулуштук компаниялардын жаралышына себепкер болуп, аз да болсо салым кошту. Биз билгенден курулуштун мыйзамченеми боюнча бир орунда токтоп калуу жакшы көрүнүш эмес, болбойт дагы. Ар дайым жаңылануу, изденүү менен тынымы жок алдыга жылып турушу керек. Ошол эле союз ыдыраган жылдары канча шаарлар жаңырды. Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай жана Абу-Даби, Кытайдын Үрүмчүсү, коңшу Казакстанда Астана ж.б. шаарлары курула баштады. Кыска мөөнөттүн ичинде адам таанылгыс болуп өзгөрдү.

– А биздечи?

– Союз учурда биздин мамлекеттин чама-чаркы, ал-акыбалы социалдык турак жайларды курганга келбей калган. Өлкөбүз өзү там-туң басып… Эң негизгиси, материалдык шарты болбоду. Эгер биздин өкмөт акчалуу болгондо бир квартал жерди, андагы бир кабаттуу үйлөрдү сатып алып, акчасын берип, түптүз кылып ошо жерге баардык «күрөө тамырларды»: суу түтүгү, канализация, жылуу суу, электр жарыгын тартып барып, илгерки кичирайон кургандай «кургула» деп коёт эле. Анда башаламаны жок, абдан сонун долбоорлор, пландар менен, шаарыбыздын көркүн ачкан турак жай комплекстери салынмак да. Азыр каякта… эми эптеп түзүлгөн фирма, бирөө акча чогулткусу келет, андайлар болду, болуп да жатат. А бирөө болсо өмүр бою өздөштүрүп жашагысы келет. Айла жоктон «точечный метод» деп коёт, үркүп-үркүп, ар кай жактан: ким ордун сатса, ошо жерге барып куруп атабыз. Ага жогоруда айткан «күрөө тамырлар» барган жок да. Кайсы бир учурларда куруп аткан турак жайларыбызга бир километрдей жерден өз акчабызга баарын тартып барып атабыз. Ушундай чоң татаалдыктар бар. Анын баарын айтып отурсак түгөнбөйт, гезит бети чак келбесине да көзүм жетип турат. Анткен менен акырындап алдыга жылып атабыз.

– «Курулуш компаниялары 4 сотых жер тилкеси бар 3-4 жер тамды арзан баада алып, анын ордуна жүздөн ашык квартираны эптеп чампалай коюп, аны сатып байып атат» деген сөздөр суу кечпейт экен. Аны түшүндүк. Биз андан көрө кептин башын башка нукка буралы. Бейшенбек ага, мамлекеттин тышкы карызы бир канча миллиард долларды чапчыды. Андан кутулуунун бир жолун ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев жогорку трибунадан айтып чыкты. Бул маселени туура көрүп колдогондор чет-четтен чыгып атат. Ушу боюнча сиздин да оюңузду уксак дедик эле?

– Карыз деген жаман, карыз ар бир адамдын керт башында деле жаман нерсе. Азыркы президентибизге оңой болгон жок. А кишини да туура түшүнүш керек. Келе калып эле бир күндө баштарын кыя чаап, баарын соттотуп ийбейт. Тыкыр териштирип бүтүп, жыйынтыгын чыгарат да. Анткен менен президент өз ишин баштады. Албетте, «тышкы карызыбыздын көлөмү 4,5 миллиард доллар» деп атабыз. Анын 2 миллиардга жакыны Кытайдан алыныптыр. Бул фактыны жокко чыгара албайбыз жана кандай болгон күндө ал акчаны төлөшүбүз керек. Ал эми депутат Камчыбектин «карыздан кутулалы» деген маселеси абдан туура. Анткен менен бул бирөөгө жакпашы мүмкүн. «Эмне үчүн бирөө ичип-жеп алса, мен төлөшүм керек?» деген мааниде. Андайлар бербей эле койсун. Колунда жокторду да кыйнамай жок. Айла жок, эмне кылышыбыз керек, мамлекеттин жерин чекесинен алдырып, бирөөгө кор болуп, көз каранды болгондон көрө, эмне болсо да, кандай болгон күндө да моюндагы карыздан кутулуу үчүн мекен алдында патриоттук сезим менен ар ким алына жараша берүүсү ажеп. Кыргыз эли абалтан башына мүшкүл иш түшкөндө бириге калып, бир женден кол, бир жакадан баш чыгара иш кылып келбеди беле? Ошол эле учурда президеңтибиздин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшү ийгиликтүү уланышы керек. Аны менен катар жаңыча көз караш менен тышкы карызыбыздан кутулуунун жолун издейли. Мыйзамдуу жагын унутпайлы. Бул боюнча Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент да ойлонушу абзел…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: