Menu

Дастан Бекешев Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстаным» ырына чыгарылган маршты жараткандарга белектерди тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-августта ЖКнын Чыгыш залында Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстаным» ырына болгон маршты жараткандарга  белектер тапшырылды. Бул туралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы  билдирди.

Идеянын автору, ЖК депутаты Дастан Бекешев марш-ырынын жаратуучуларына ыраазылыгын билдирип, бул музыка менен  чыгармачыл  топ өздөрүнүн  мекенчилдик руху менен чыгармачылык күчтөрүн көрсөтүшкөнүн айтты.

«Жетишилген ийгилик күткөндөгүдөн да мыкты болду. Бул марш баарыбыз сүйүп калган «Кыргызстаным» композициясына жаңы өмүр берди. Ыр сиздердин талантыңыздардын жана жогорку чеберчилигиңиздердин аркасында андан бетер мекенчилдик рухту көтөргөн чыгармага айланды», – деди Дастан Бекешев.

Ошону менен бирге депутат  ырдын жаңы аранжировкасы Алмазбек Атамбаевдин өзүнө жагып, мактоосуна татыганын кошумчалады.

Эл өкүлүнүн колунан сценарист Аманкелди Бекешев, режиссер Керимбек Омуркоджоев, аранжировканын авторлору менен аткаруучулары Актан Исабаев, Эльмира Чаландинова, Сергей Хусаинов, Толгонай Осмонова, Жусуп Айсаев, Тилек Найманбаев, актерлор Нуркыз Тунгатарова, Артур Касымов, ошондой эле тасма тобунун мүчөлөрү белектерди алышты.

Буга чейин 200гө жакын көркөм жана даректүү тасмаларды тартууга катышкан режиссер Керимбек Омуркоджоев клип 2017-жылдын 3-декабрында тартылып бүткөнүн, расмий презентация 2018-жылдын 11-январында болгонун айтты. «Марш-ыры элге жакканы бизди аябай кубандырды. Менимче, мындай чыгармалар өсүп келаткан муундарды мекенчилдикке, маданияттуулукка  тарбиялоодо мааниси чоң», – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: