Menu

Тажикстан бүгүн Ооганстандын талибдерине абадан сокку уруп, 8 жоочусун өлтүрдү

Бөлүшүү:

Ооганстандагы Даргад уездинде талибдерге чабуул жасалды. Алты жоочу өлтүрүлдү, тогузу жаракат алды. Бул тууралуу 27-августта ооган ММКлары жазды.

Тажик тарап азырынча бул маалыматты тастыктай элек.

Тахар полициясынын маалымат катчысы Халил Асир тажик тарап 27-август күнү эртең менен талибдердин позициясына «Кухнахона» массивинде абадан чабуул жасалганын билдирди. Анын маалыматы боюнча чабуулда сегиз жоочу мерт болуп, алтоо жаракат алган. “Бул токойдо талибдер маңзат аткезчилери менен бирге өз лагерин түзүшкөн. Ал жакта карапайым тургундар жок. Тик учак менен аткылоо учурунда өлгөн талибдердин саны тууралуу кабарды 27-августта алдык”, – деди ал.

“Талибан” кыймылынын маалымат катчысы Забеулла Муджахид Даркад уезддинде маңзат аткезчилери менен тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болгонун тастыктады. Ал Талибан жоочуларына коңшулаш мамлекеттердин аймагында чабуул жасаганга уруксат берилбегенин айтты.

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну 26-августта “Нива” автоунаасы менен бараткан жеринен ооган тараптан ок атууга дуушар болгон. Жоочулар аларды миномет жана Калашников пулемету менен аткылашкан. Экөө мерт болуп, бирөө жаракат алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: