Menu

Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери бекитилди. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, ошондой эле «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 81-беренесинде белгиленгендей, жазык-аткаруу мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери иштейт.

Бекитилген жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 74, 75, 76, 78, 79, 81, 82, 89, 90, 92, 118, 163-беренелеринде орун алган жазык-аткаруу мүнөзүндөгү жаңы киргизүүлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: