Menu

Өзбекстанда президенттик аппарат администрация болуп өзгөрдү

Бөлүшүү:

Мирзиёев президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматын жойду. Мамлекет башчынын аппараты президенттин администрациясы болуп өзгөрдү.

Президенттик администрациянын жетекчиси болуп буга чейин аппарат башчынын милдетин аткаруучу Зайнобиддин Низомиддинов дайындалды.

27-авгутта Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн отурумда мамлекеттик кеңешчилер институтун жойду, эми алар президенттин кеңешчилери болушат.

Маалыматтарга караганда, мурдагы мамлекеттик кеңешчилер – Рустам Касимов, Рустам Инаятов, Виктор Махмудов жана Турсинхон Худейбергенов президенттин кеңешчилери болушту. Ислам Каримовдун тушунда аппарат башчысы болуп иштеген Зелимхан Хайдаров Мирзиёевдин администрациясында иштөөнү улантар-улантпасы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: