Menu

Казакстанда бир миллиондон ашуун киши маалымат базасына кирген эмес

Бөлүшүү:

Казакстандын беш аймагында- Түркестан, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл облустары жана Алматы шаарында бир миллиондон ашуун киши мамлекеттик маалымат базасына киргизилген эмес.

28-августта Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан камсыздоо министри Мадина Абылкасымова мамлекеттик маалымат базасында 2,7 миллион кишинин макамы болбогонун, учурда 1,3 миллион кишинин статусу аныкталганын айтты. Ал базада жеке идентификациялык номерлер кайталанып, айрым документтердин мөөнөтү өтүп кеткенин кошумчалады.

Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев эмгек министрине өзүн-өзү иш менен камсыздаган кишилердин маалыматын аныктоо боюнча иш алып барууну улантууну тапшырды.

2017-жылы сентябрда парламент жыйынында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өзүн-өзүн иш менен камсыздоону салыктан качуу деп атап, өкмөткө аларды “көлөкөдөн” алып чыгууну тапшырган.

Казакстан калкынын саны расмий статистика боюнча 18 миллиондон ашат. Эки миллиондон ашуун киши өзүн-өзү иш менен камсыздагандардын катарында. Жумушсуздардын саны расмий маалыматтар боюнча беш пайыздан ашпайт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: