Menu

Коопсуздук кеңеши чырды териштире баштады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын мекемедеги коррупция боюнча билдирүүсүн Коопсуздук кеңеши териштирүүдө. Президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Мамбеталиева менен жолуккан. Мамбеталиева тиешелүү органдарга арыз жазууга жана документтерди берүүгө макул болгон. Буга чейин Анара Мамбеталиева “Фейсбуктагы” баракчасында видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекемедеги коррупцияга аралашкан кишилер катары айрым адамдарды кызматтан алууну өтүндү. Ал коррупцияга тиешеси бар деп мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашеванын атын атаган. Ошондой эле өзүнүн өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, мамлекет башчыдан коргоосун өтүнгөн.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: