Menu

Абулгазиевдин сөзү менен иши айкашпайт…

Бөлүшүү:

Кыргызстандын өкмөтү канадалык “Центерра” компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты. Мукан Абулгазиев өкмөт башчысы болуп бекигенде, парламентте мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун «Кумтөр» боюнча «Центерра» компаниясы менен кол койгон экологиялык стратегиялык келишимдин шарттары кайра каралаарын айтып шаңыраңдап жаткан. Андан бери дээрлик 6 ай болду. Баягы сөздүн бири жок. Исаков кол койгон документке ылайык, “Центерра” жылдык экологиялык төлөмдүн өлчөмүн 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүп, Жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар, Онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон. Казылган кенди толтуруу коруна жыл сайын 6 миллион доллардан которуп туруу жагы да макулдашылган. Кыргызстандын өкмөтү анын ордуна 2013-жылы “Центеррага” койгон экологиялык 100 миллион долларлык доодон баш тартмак. Бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келээрин билдирген Абулгазиев, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе кыла элек. Эл «мажүрөө» жетекчинин «Кумтөр» боюнча өлкө кызыкчылыгына төп келген келишимди түзөөрүнө ишене албай турат. Анткени Абулгазиев экономика министри Олег Панкратовдун оозу аркылуу өлкөнүн экономикасынын өсүшү “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айттырып кылтыңдай баштады…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: