Menu

Айсулуу Тыныбекова: Бутумду оорутуп алгам, жеңилгениме ошол себеп болду

Бөлүшүү:

18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өткөн Азия оюндарында атаандаштарын көтөрүп чаап, күмүш медалдын ээси болгон балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы кепке тартып, учкай маектештик…

-Айсулуу, жеңишиңиз кут болсун!

-Рахмат! Менин жеңишим элдин жеңиши.

-Алтын медалды албай калганыңызга өкүнгөн жоксузбу?

-Жок, эч кандай өкүнгөн жокмун. Спортто жеңүү да болот, жеңилүү да болот. Бул жолкусунда жеңилсем, кийинкиде балким жеңеттирмин.

-Кийинки учурларда сизди жакшы күрөшө албай калды дегендер жок эмес, буга кандай жооп айта аласыз?

-Туура, акыркы учурларда көп учурда жеңилүү ызасын тартып жатканымды моюнга алам. Бирок жеңилдим деп эле спортту таштап салгым келбейт. Алдыда дагы көп мелдештер бар. Алардын баарына катышам. Жеңүүгө, өлкөбүзгө алтын медаль алып келүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм.

-Бул жолу монголиялык балбанга эмне болуп жеңишти алдырып жибердиңиз?

-Чынын айтканда буга чейин бутумду кокустатып алган элем. Көптөн бери бутум ооруп жүрөт. Быйылкы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда дагы жаракатым айыксын деп катышкан эмесмин. Азия оюндарына даярданууда жаракатым толугу менен айыкты деп ишенгенбиз. Өзүмдү жакшы эле сезип жаткам. Бирок акыркы эл аралык мелдешке барып, машыгуу учурунда эле жаракатым кайрадан козголду. Ага карабай мелдешке катышып, экинчи күнү финалдык беттешке чыкпай койгом. Азия оюндарынын алдында жаракатымды дарылап, денемди жибитип эле жүрдүм. Эң негизгиси килем үстүндө машыгууларды жасаганга үлгүрбөй калдык. Ошол себептен монгол балбанына жеңишти алдырып жибердим. Бирок жеңилгениме эч капаланган жокмун. Анткени менин салмагымда атаандаштарым күчтүү болду, дүйнөнүн алдыңкы спортчулары келишти. Эң негизгиси финалдык беттешке чыкканга чейин Рио-2016 олимпиадада медаль үчүн беттеште утулуп калган атаандашымды жеңдим. Бул беттеш мен үчүн абдан керек болчу. 62 килограмм салмакта күрөшүү салмагым жетпегени үчүн бир топ оор болду.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: