Menu

Токмокто КСДПчы депутат Өмүрбек Бабановдун тарапкерин бычактап салган

Бөлүшүү:

Жекшемби, 26-август күнү, таңкы саат 08.00.дө Токмоктун мал базарында Токмок шаардык кеңешинин КСДПчы депутаты Тынай Жансейитов ушул эле шаардын жараны, 36 жаштагы Талантбек Жамангулов менен мушташа кетип, аягында бычактап салган. Бул тууралу биздин күч структураларындагы булактарыбыз кабарлады.

КСДПчы депутат Тынай Жансейитов КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Жетигеновдун тобундагы жанжигиттердин бири жана Токмоктогу “авторитет” экендиги айтылууда.

Ал эми бычакталган Талантбек Жумагулов ооруканага жаткырылган. Ал да ИИМдин оперативдүү эсебинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкери болуп активдүү иштеген. КСДПчы Тынай Жансейитов менен болгон тиреш да мына ушул шайлоо учурунда өз апогейине жеткен.

Былтыр Талантбек Жумагулов достору менен Тынай Жансейитовдун үйүнө карактоого киришип, колго түшүп, шарттуу түрдө соттолгон. Андан кийин Талантбек Жумагулов достору менен Тынай Жансейитовдун досун кармап алышып, шаардын сыртына алып чыгышып сабашкан жана коркутушкан.

Азыркы учурда укук коргоо органдары бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүшүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: