Menu

Өзбекстан президенти аткаминерлердин жекшембиде эс алуусуна уруксат берди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер мындан ары ишемби күнү 17:00гө чейин иштешет, жекшемби күнү эс алышат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев дүйшөмбүдө өткөн жыйында билдирген.

2017-жылы жазында мамлекет башчы өлкөнүн жетекчи курамы үчүн күчөтүлгөн тартиптеги иш режимин киргизген. Ташкент жана башка шаарлардын жашоочулары мамлекеттик мекемелердин терезесинде жарык түн жарымына чейин өчпөй турарын айтып келишкен.

Дүйшөмбүдө өткөн жыйында президент ишемби күнү иш 17:00гө чейин уланарын, жекшембини кызматкерлер үй-бүлөсү менен өткөрүшү керектигин билдирген.

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарда жыйындардын санын жана убактысын кыскартууну, керексиз отчетторду жана маалыматтарды чогултууну токтотууну талап кылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: