Menu

Тажик бийлиги укалоочу салондордо көзөмөлдү күчөттү

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү бийлиги укалоочу салондордун ишин кечки саат 10гө чейин чектөөнү чечти.

Тажикстандын борборундагы үч укалоочу салондун кожоюндары мындай чечимге нааразы. Алардын айтымында, кардарлардын көбү массажга иш бүткөн соң келишет. Кечке чейин иштөөгө тыюу салынгандыктан, кардарлардын көбүн жоготобуз деп кабатыр болушууда.

Душанбелик укалоочу Ясминанын айтымында, мамлекеттик орган өкүлдөрү тез-тез текшерүү менен келишүүдө. “Көптөгөн кардарлар эс алдыруучу укалоону сурашат. Бирок бизге андай массаждарды сунуштоого тыюу салынды. Болгону дарылоочу-профилактикалык массаждарды жасайбыз”, – деди ал.

Тажикстанда эки жыл мурун сойкуларга каршы көзөмөл күчөтүлгөндөн кийин алар укалоочулукка өтүшкөн. Айрым жеңил ойлуу кыз-келиндер укалоого жамынып, кардарларына интимдик кызмат көрсөтүп келишкен.

Буга чейин тажик телеканалдарында сертификаты жок жана интимдик кызмат көрсөткөн бир нече укалоочу салондордун ачыкка чыкканы көрсөтүлгөн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: