Menu

Министр Таалайкуль Исакунова БУУ Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоого даярдыктын жүрүшү маселеси каралды, – деди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өз сөзүндө токтолгондой, БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу аркылуу 2011-жылы жактырылган.

«Ал мезгилден бери 7 жыл өттү. Биз азыр гана маанилүү кадамга барып, БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоого даярбыз. Конвенцияны ратификациялаган өлкө мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн бардык укуктардын сакталышына кепилдик бериши кажет. Биздин өлкөдө Конвенциянын ратификацияланышын болжолдуу түрдө 200 миңге жакын адам күтүүдө. Ар жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын саны өсүп жаткандыгын эске алсак, бул – маанилүү маселе. Акыркы 2008 – 2017-жылдары, же 10 жыл ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын саны   33,7 %га жогорулаган», – деди министр.

Таалайгүл Исакунова белгилегендей, Кыргыз Республикасы аталган Конвенцияны ратификациялоого даяр.

«Дүйнөнүн 160 мамлекети бул кадамга барган. Конвенциянын ратификацияланышы мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга көмөк көрсөтүүнү жакшыртат. Бүгүнкү күндө Өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды жашоо-шартына зарыл болгон муктаждыктар менен камсыздоодо сандан сапатка өтүп жаткандыгын тастыктоодо. Алсак, 2017-жылы церебралдык шал оорусунан жабыркаган балдар үчүн 165 сапаттуу кресло-коляска сатылып алынган. Жыл сайын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан акысыз негизде 5 миңден ашуун адам протездик-ортопедиялык буюмдар менен, ал эми 7 миңден ашуун адам ортопедиялык бут-кийимдер менен камсыздалат», – деди ал.

Маалымдама: БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенциясы эл аралык келишим болуп саналат , анда мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укугу, ошондой эле Конвенцияга мүчө-мамлекеттердин аталган уктарды камсыздоо, коргоо жана колдоого алууга карата милдеттенмелери аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: