Menu

Скелет…

Бөлүшүү:

Борбор калаанын чок ортосунан орун алган тарых музейине алыскы айылдан келген, тарыхты тастыктап, санжыраны саймерендетип, саясаттын сазайын берип жүргөн Билгичбек Билерманов баш багат. Алтымыш жаштан ашып өмүр бою көк чөпкө, көлдөлөң, шыпдакка отуруп көнгөн Билгичбек бир аз тыныгып эс алайын деген таризде бери жактагы жумшак отургучка отурары менен шибеге менен сайгандай так секирип туруп кетет.

-Сизге эмне болду даарып кетиңизби, алыс жактан ар бирин 100 миң сомдон алып келинген кымбат баалуу отургучтан кыйгачтап качканыңыз кандай!? – деп музейдин директору кыр көрсөтүп.

– Ушунуң 100 миң сомбу? И-ээ иним, менин уулум өрүктөн, жаңгактын жыгачынан көз жоосун алган отургучтарды эки миң сомго эле үйдөн жасап жүрбөйбү! Кой, өзүң отур! Өзүңө буюрсун! – деп ары басып кетээри менен ары жактагы ардакталып коюлган скелетти көрүп:

– Ой, бул Жепжутаров Жегичбек турбайбы!

– Аксакал сиздин “крышаңыз” кетип калган жокпу? Скелеттин аты-жөнүн билгидей олуя белеңиз?

– Олуя болбосом да эң мыкты билем! Жегичбекти башынан айтсам соко баш, үч тал чачы бар, лысый болчу, бул бир. Экинчиси чекеси домпок, мурду коң-когой, оозу жалаяк, кууш ээк эле ыраматылык. Опей, алтын тиштери бар эле, силер шыпырып алдыңарбы же силерге чейин этин шуулдаган шылуундарыңар шылып кеткенби! Оо дүйнөгө кеткен адамды жөн жаткырбас болдуңар го?

– Жок, биз тишине тийишке-нибиз жок. Алсак, башка жактан миллиондоп ашырып албай жан жокпу! Ары жагын айта бериңиз?

– Көрдүңбү көзүнүн чарасын кичинекей болуп турбайбы. Көзү жүлжүгүй, бирде ойноктоп, бирде кишини кытмыр карап, күлсө да көзүнөн заар йачып карап турар эле жарыктык. Бала кезинен билем. Орто мектепти мээсинин жетишинче эптеп-септеп бүтүрдү. Жөлөк-таяк менен жогорку окуу жайды бүтүрүп, ошондон соң жоргосу башталды. Жогорку окуу жайдын “подхалим” деген факультетин бүтүргөнбү, айтор чоңдорго эки бүгүлүп этегинен өөп, жагалданып чарк айланганын көрсөң жаныңдан түңүлөсүң. Бирок ошонун пайдасын аябай эле көрдү. А дегенде айылдык депутаттарга коюн союп, арагын суудай агызып айыл өкмөтү болуп алды. Арааны ачылды. Акчалуу байларга жерди сатты. Заматта өзү байлардын катарын толуктады. Арам акча аркылуу районго аким болду. Түлөөсү түштөн, төлгөсү үчтөн болуп айыл өкмөттөрүн кажалап, кылдан кыйкым таап, жумурткадан кыр издеп алардан акча саап турду. Акча менен ар кандай амалдарды жасап,анын ыгын таап, кимден алып, кимге берип көнүп алган шылуун жоболоңдуу жол менен жүрүп отуруп жогорку жакка бакыйган депутат болду да калды. Депутат эмес, өзүнүн атына жараша Жепутат дегенине карабай топтоп келген бизнесин ого бетер өркүндөттү. Элге керектүү мыйзам чыгарганды кой, уктап отуруп кнопкасын басып, каалаган убагында келип, мандаттын пайдаланып чет мамлекетке чейин сайран куруп, жарык дүйнөнүн жарыгына мае боло, үч-беш кабаттуу үйлөрдү салып, ага топук кылбай, өкмөттүн үйлөрүнө сугун артып, мейманкана, жатакана, аткана, тооккана куруп, туткасынан бери алтын жалатып, кымбат баалуу автомашиналарды маалката минип, төгөрөктү төрт айланып жүрдү го бейишиң болгур!

– Кийин акыйкатсыз соттолдум деп чаң салып жүрбөдүбү!

– Айдын он беши жарык, он беши караңгы эмеспи. Кылган кылмыш иштеринин бети ачылып мыйзамдуу эле соттолду. Мына мобу бутун карабайсыңбы бор-поң болуп турбайбы. Бул түрмөдө көп жатып көк шишик болуп кабыргалары ичкерип, ичин көздөй тартылып турганы да ошондон. Эх- чиркин- ов! Анан эмне болмок эле? Ошол көөдөнүн көк асманга серпкен, үйлөгөн чаначтай көпкөн, тили бирди айтса, дили бирди айткан бийлик кумарына дөөгөрсүгөн достору сырттын сала саламга келбей, жадагалса тууганы да туураланып басып кетишкен. Түрмөдөн чыккандан кийин талаада калды. Бомж деген атка конуп акыры арактан ичип, арыктын ичинен өлүп тынып, моргдон эч ким албай койгондо этин шылып, скелетке айлантып салган. Ошончодон Жепжутаровдун скелетин төрүнө коюп алган силерге да “бали” демекчимин, – деп Билгичбек Билерманов тетири карап жонун салып басып кетти.

Асан Акматов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: