Menu

Турсунбек Акун: Жээнбеков айылда өскөн, жаман иштерге аралашпаган таза жигиттерди кызматка алып келип жатат

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, президенттин мамлекетти өнүктүрүү максатында 2040-жылга чейин ишке ашырууга белсенген стратегиясын колдоого алгандар, ошондой эле аны анча жактырбагандар да чыгып жатат. Сиз ал стратегияны ишке ашаарына көзүңүз жетеби же ал элди сооротуу үчүн жасалган аргасыз ишпи?

– С.Жээнбеков Атамбаев бийликте турган кезде дагы мамлекетти өнүктүрүү стратегиясына салым кошкон адамдардын бири. Ошон үчүн Сапар Исаков кызматтан кетсе да, анын “Таза коомун” кошту. Кыскасы, “түндүк” деген программа менен кошо 2040-жылга чейинки стратегия иштелип чыкты. Кыска убакыттын аралыгында, шашылыш иштелип чыкса да, татыктуу иштелди. Анткени, кыска аралыктын ичинде эле мамлекетти өнүктүрүү программасы керек экенин турмуш өзү көрсөттү. Ошон үчүн тез аранын ичинде иштеп чыгууга аргасыз болушту. Биринчиси, 2040-жылга чейин ишке аша турган стратегия болсо, экинчиси, жакынкы аралыкка ишке ашууга багытталды. Бул стратегиянын артыкчылыгы саясый, экономикалык, шайлоо реформасын кошо камтыган мамлекетти башкаруудагы кадр саясатын жолго салууга багытталды. Эң негизгиси, саясый күчтөрдүн тагыраак айтканда, президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен аракетин жөнгө сала турган механизмди иштеп чыгышты.

Буюрса, жакынкы күндөрү шайлоо системасын жолго салган мыйзамдарды парламент аркылуу жолго салат деп ишенем. Буюрса, мурдагыдай болуп, шайлоого бир же үч ай калганда шайлоо мыйзамдары өзгөрбөйт. Шайлоого тийиштүү маселенин баарын же карама-каршылык жараткан жагдайдын баарын бир жыл мурун эпке келтирип коёт деп ишенем.

Ал тургай жакынкы жылдары конституциялык реформалар да ишке ашат деген үмүтүм бар.

– Бул стратегия президенттик аппаратка гана таандыкпы же буга өкмөт да ээби?

– Бул стратегия президенттик аппаратка эле эмес, өкмөткө да таандык. Анткени, эки тарап тең иштеп чыгып, мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошууга далалат жасап жатышат. Ошон үчүн өкмөттү программасы жок деп сындаганыбыз орунсуз болуп калат. Бул стратегияны президенттик аппарат менен өкмөт бирдикте иштеп чыкты. Эки тарапка тең тиешелүү болгон үчүн чоң маселелерди камтып жатат.

– Анткениңиз менен аттуу-баштуу адамдар 2040-жылга чейин бул жерде жазылган программаны ким ишке ашырмак эле деген ойлорун айтып жатышат го?

– Туура. Андай пикрлерди мен да угуп жатам. Бирок, алдыга кадам таштап, жакшы нерсеге багыт алганды үйрөнсөк жакшы болот эле. Малайзиянын 93 жаштагы премьер-министри 30-40-жыл мурун жазган программасын азыр да ишке ашырып, мамлекетин бай, өнүккөн мамлекеттердин катарына киргизип, Азиянын арстандарынын катарына кошуп койду го. Балким, бул стартегия да Кыргызстанды өргө сүйрөгөн, өнүгүүгө багыттаган стратегия болоттур.

– Президент сөздөн ишке өтө алдыбы?

– Президент өзү сөздөн ишке өтүү демилгесин стратегияны кабыл алып жатканда дагы баса белгиледи. Буюрса, коррупция менен күрөш ажо айткандай жогорку жактая ылдыйкы катмарга түшүп, коррупциялык схемаларды ишке ашырып жүргөндөр кылтакка илине баштады. Демек, эми мамлекеттик кызматтагылардын көпчүлүгү сөздөн ишке өтүп, ишинен майнап чыгарат.

– Президенттин ишин мактоого алганыңыз менен анын кадр саясатына ичи жылыбагандар да четтен чыгат го?..

– Мен президенттин кадр саясаты тууралуу жакшы гана пикир айталам. Анткени, министрди кызматтан алса, анын ордуна башка жактан жетекчи алып барбай орун басарын министр кылып жатат. Башкача айтканда, айылда өскөн, жаман иштерге иштерге аралашпаган таза жигиттерди алып келип жатат. Маселен, кечээ жакында эле президенттин аппарат башчысы болуп дайындалган Досалы Эсеналиев президентке пара берип же тааныш салып, аппарат башчы болгон жок. Анын тажрыйбасын, иш билгилигин, адамгерчилигин билип президент өзү ишеним артып, ошондой жогорку деңгээлдеги кызматка дайындады. Ал ким менен болсо да тил табыша алат. Өз ишин мыкты билет. Ошондой эле ал башка аппарат башчылардай болбой өтө жөнөкөйлүк менен иш алып барып жатат. Мурдагы аппарат башчыларга жолугуу кыйын болуп, жылдап кире албай убаралансак, азыр трубканы алалбай калса, кайра өзү чалат. Кыскасы, буга чейин кыйынчылык жараткан жолугуу машакатын жеңилдетти. Досалынын ишине ыраазы болгондон башка сөз айта албайсың. Анан кантип президенттин кадр саясатына каршы чыгасың.

 Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: