Menu

Алматыда “жихадчылар иши” боюнча сот башталды

Бөлүшүү:

Алматынын Жетисуу райондук сотунда “жихадчылар иши” боюнча шектүү Кенжебек Абишева менен Алмат Жумагуловдун соту башталды. Жараян ачык өтөт.

Алдын ала соттук угуулар болсо жабык өткөн, ага айыпталуучулардын аялдарды да киргизилген эмес. Абишев менен Жумагулов “терроризмге чакырык таштоого” айыпталууда. Алмат Жумагулов “кастык козутууга” да шектелүүдө. Экөө тең күнөөлөрүн мойнуна алган жок.

Алдын ала соттук угууда адвокаттар соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурашты. Ошондой эле Кенжебек Абишевдин кыйноого кабылганы боюнча кылмыш ишин жандандырууну жана терроризмге чакыруу боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүнүштү.

Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагулов “терроризмге чакырык таштоо” айыбы менен 2017-жылы ноябрда камалган. Алмат Жумагулов мурдагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдой турганын четке каккан эмес. Бул кыймыл өлкөдө экстремисттик уюм деп табылган.

Бир катар казакстандык укук коргоо уюмдары Абишев менен Жумагуловду саясий туткун деп эсептешет. Казак бийлиги алардын мындай коомдук-саясий макамы тууралуу кооментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: