Украина Кошмо Штаттардан абадан коргонуу системаларын берүүнү суроодо. Вашингтондогу Украина элчиси Валерий Чалый билдиргендей, кеп ар бири 750 миллион долларлык үч абадан коргонуу комплекси тууралуу болуп жатат.
Киев аларды кантип сатып аларын ачыкка чыгарган жок. Баасына караганда бул Patriot комплекстери болушу мүмкүн.
Украина бийлиги мындай өтүнүчүн жакында Киевге барган АКШ президентинин кеңешчиси Жон Болтонго айткан. Курал жеткирүү жөнүндө буга чейин эки өлкө президенти июлда Брюсселде өткөн жолугушуу учурунда кеп кылышкан.
Дональд Трамптын администрациясы буга чейин Javelin ракеталык комплекстерин Украинага жеткирүүгө макул болгон.
Учурда Украинанын абадан коргонуу күчтөрү совет өндүрүшүнөн чыккан системалар менен жабдылган. Алардын ичинен күчтүү деп эсептелген С-300 комплекси америкалык жана орусиялык заманбап системаларга жетпейт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ