Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосунун даярдыгын текшерди

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосунун даярдыгын текшерди. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчыга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чараларды өткөрүүгө Кырчын жайлоосунун  толук даярдыгы жана мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымдалды.

Учурда жайлоодо этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык зарыл объектилер тургузулган, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлгөн.

Премьер-министр меймандарды тосууга жана боз үй шаарчасын орнотуу менен иш-чараларды өткөрүүгө 2018-жылдын 31-августуна чейин толук даярдыкты камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда бардык ыкчам штабдардын жөнгө салынган ишин камсыз кылуу үчүн уюштуруу маселелерин ыкчам жана деталдуу чечүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: