Баткен районунун Дара жана Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайланышкан 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү максатында узундугу 46 чакырымга созулган каналдын курулушу башталды.
Курулуштун башталыш аземине Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кыргызстандын суу чарба департаментинин капиталдык курулуш дирекциясынын башчысы Алмаз Сокеев, ошондой эле Кытай мамлекетинен келишкен инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Баса, аталган канал Кытай Эл Республикасынан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 миллион сомуна бүткөрүлөт. Адегенде 12 чакырым узундуктагы мурдагы канал оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, анан гана 4 чакырым магистралдык канал, дагы 30 чакырым чарбалык кичи каналдар курулат.
– Үч жыл аралыгында жүзөгө ашырылчу бул жумушка 80 пайыз жергиликтүү тургундар гана тартылат. Жөнөкөй жумушчулар 15 миң сомдон, ал эми айдоочулар 28 миң сомго дейре маяна алышат,- деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.
Айтмакчы, бул чоң долбоор Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстандын суу чарба департаментинин сунушу менен Мамлекеттик капиталдык курулуш программасына кирип, 2017-жылдын 21-июлунда 440-токтом менен бекитилип, ишке ашкан. Курулуш аяктаса, учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан суунун сыйымдуулугу 4,5 кубка жеткирилмекчи.
Алишер Токсонбаев
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ