Menu

Видео – Интимдик видеосу Интернетке тарап кеткен молдо милицияны жеке турмушуна аралашканы үчүн айыптады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда интимдик байланышы тартылган видео Интернетке жайгаштырылганы үчүн  61 жаштагы молдо Абдухамид Атажанов  милиция кызматкерлерин күнөөлөдү. Ал муну жеке жашоого кийлигишүү деп эсептейт.

Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө өткөн аптада тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып башташкан. Молдо болсо милицияны жеке жашоого кийлигишүүгө айыптаган.

Хорезмдик молдо Абдухамид Атажанов видео 6 жыл мурун тартылганын билдирди. Ал аялы жок экенин, жаш келин менен интимдик байланышка барганыны үчүн сурак берүүгө милдеттүү эмес экенин айтты.

“Жакында милиция кызматкерлери келишип, аларга эч кандай дооматым жок экени тууралуу арыз жазып берүүмдү сурашты. Бирок менде көп суроо бар. Менин үйүмө келгенде алар Ургенч шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экенин тастыктаган документтерин көрсөтүшкөн. Эми мен ал видеону тараткан кызматкерлерди жазалоону талап кылам. Улгайган кишинин үйүнө жулунуп киргенче, кылмышкерлерди кармашса болмок. Милиционерлердин аракетинен улам мен өз жанымды кыйып коё жаздадым. Алгач мен бардык инстанцияга кайрылам, андан кийин милиция менин өлүмүм үчүн жооп берсин, – деди Абдухамид Атажанов.

Ургенч шаарынын айрым жашоочулары молдо Абдухамид Атажанов Хорезм облусу боюнча төрөбөгөн аялдарга дуба окуган белгилүү табып болгонун билдиришти. Бирок андан жардам сурап кайрылган айрым келиндер сексуалдык асылууга кабылганы айтылууда. Молдо болсо алты жыл мурун укук коргоо кызматкерлери үйүндө текшерүү жүргүзгөндөн кийин “дарылоо” ишин токтотконун белгиледи.

Абдухамид Атажанов киши дарылоо боюнча лицензиясы жок иштеп жүргөн.

https://www.youtube.com/watch?v=svaADe02GRg&feature=youtu.be

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: