Menu

Президенттин Түркмөнстанга жасаган иш сапары мамлекет үчүн пайдалуу болдубу?

Бөлүшүү:

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Өзгөчө коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдаганы жакшы жөрөлгө”

– Президенттин башка мамлекеттер менен алаканы жакшыртуу аракети бул албетте мамлекет үчүн пайдалуу. Өзгөчө коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдаганы жакшы жөрөлгө десек болот. Түркмөндөр менен биздин соода алаканы көбөйтүү, алардын Кыргызстанга кызыгуусун артыруу маанилүү. Алардан бизге студенттер жана жеке ишкерлердин тартылуусу бизге пайдалуу.

Зулпукар Сапанов, журналист: “Жолугушуудагы шаң-салтанат менен кол коюулар жөн гана иш”

– Иш сапардын пайдалуу же пайдасыз болгонун азыр баалаганыбыз эртелик кылат, себеби анын баары алдыдагы алака катыштан билинет. Жолугушуудагы шаң-салтанат менен кол коюулар жөн гана иш. Мисалы, К.Бакиев деле Кремлге дембе-дем барып, ынтымактуу көрүнгөн, бирок иш жүзүндө мамиле үзүлгөн экен. Ал эми А.Атамбаевдин маалында Түркия жана Казакстан менен карым-катыш начарлады. Өзгөчө Казакстан менен болгон тирешүү бүткүл элге билинди. Жаңы шайланган президенттин көсөмдүгү ушунда болду, экс-ажонун айдагы менен кетпей, коңшу жетекчилер менен ынтымакты чыңдай алды. Орус, казак, өзбек, тажик, кытай өлкөлөрү менен мамиле жакшырды. Ошонун уландысы катары Түркмөнстанга барып-келди, бул жакшы саамалык. Бирок тоңуп калган мамилени оңдоп койгон менен эле маселе чечилип калбайт, аны өнүктүрүш керек, көптөгөн түйүндүү маселелерди чечиш керек. Кептин баары ушул жерде жатат. Факты катары эл аралык маанидеги бир маселени кыстара кетсем, Тажикстандагы кыргыздардын көптөгөн көйгөйлүү маселелери чечиле элек. Мектеп программасы, китеп, тамак-аш, маданий байланыштары ошол бойдон жатат. Сооронбай Шарипович Мургаб районуна барган, баарын эң жакшы билет, эми кыймылдайт деген үмүт бар. Ток этээрин айтканда, иш сапарлар элге жемишин бергенде гана мамлекет үчүн пайдалуу болду деп айтсак жарашат.

Камила Талиева, экс-вице-спикер: “Кезектеги эле достук кездешүү дээр элем”

Президенттин иш сапары мамлекет үчүн пайдалуу болду деп айтуу али эрте, качан гана иш сапардагы кол коюлган документтеги, кагаздагылар ишке ашканда гана пайдалуу болду деп айтуу керек. Эгемендүүлүк алган нечендеген жылдардан бери келип-кеткен президенттер не деген гана долбоорлорго, Келишимдерге кол коюшпады..? Ошолордун 30 пайызы ишке ашса “бали” дейт элек… Бул визитти да азырынча кезектеги эле достук кездешүү дээр элем…

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: