Menu

Шадиевди ит да издебейт

Бөлүшүү:

Биздин мамлекеттин “менталитети” таптакыр өзгөчө. Ким качып кетсе да аны издөөнү такыр колго албайт. Деги кайсыл бирин айтайын эле дегендей кеп. Чынында эле он үч жылдан бери карай безип кеткендердин бирөөнү кармап келдикпи я? Жадегенде Кыдыкбек Исаевди, Сапарбек Балкыбековду, Мелис Мырзакматовду  кармап келгенде сөз башка нукта болмок. Ошондуктан өтө опурталдуу, шектүү иштерге кабылып ойкуп-кайкып чет тарапка кеткендер кайра түркүн ушактарды таратып, элдин башын айландырып жатышат Кадыржан Батыровго окшоп. Кайсыл жактан жылуу жел соксо ошол тараптын сөзүн сүйлөп.

Эң “свежий” качкындардын бири – Аскарбек Шадиевди деле күч түзүмдөрү эмес ит да издебей жатыптыр. Анткени “изине” долларларды төшөп койгонун “көзү ачыктардан” башкасынын баары билет. Жалаң акчанын кудуретине жүгүнүп калганыбыз ушинтип эле белгилүү болуп калат. Шадиев изделген 24 шектүүлөрдүн арасында жок болуп чыкканы ого бетер  элдин бүйүрүн кызытты. Кыймылсыз мүлктөрүн болсо качардын алдында сомдоп салганын да уккан жайыбыз бар. Айтор, кызыктар али алдыда окшойт. Чамасы мындайларга “агенттер” өзүлөрү “наводка” берип турат шекилди.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: