Menu

Партия сатам ким алат?

Бөлүшүү:

Шумдук эле окуяларды башыбыздан кечирип жатабыз. Не деген жарыяларды окубайбыз деги. Бири кабанаак ит сатам десе, экинчиси дарылык касиети бар сүттү демеп берген ургаачы эшек сатылат деп койуптур. Баарынан кызыгы бир аял башынан жарака кеткенби үйдөгү чогуу он жыл жашаган күйөөмдү сатам, ал байкуш каяша айтпайт, үй жумуштарын кылдат аткарат, арак ичпейт, тамеки чекпейт, келиндерге барбайт, кымбат кийим талап кылбайт, тапшырма берсең бүтүрмөйүнчө уктабайт деп аябай мактаптыр. Бул жарыяга кызыккан жесир келин байланышка чыгыптыр:- Мен андай жумуштарды өзүм эле бажарып салам. Эриң түндөсү аялды кармалайбы, эркелетеби, деп сураса: -Ошол жагынан аксап жатпайбы,-дейт имиш беркиси агынан жарылып.

Анын сыңарындай жата берип кагаздары саргайып кеткен эки жүздөн ашуун партия бар. Алардын басымдуу катмары “паралич” болуп, ордунан жылалбайт. Гезиттерди, теле каналдарды, сайттарды айласы кеткенде сатып оокатын кылгандар толуп жатпайбы. Эгерде капчыгында акчасы ойноп турган, менеджерликти шуулдатканга дарамети жеткен, алыска аркан тыштаган кишинин колуна “сатылгандар” тийсе кыска аралыкта эле жарашыктуу кийим кийгизип ажарына чыгарып салат. Ага да көзү жеткен, тил табууга усталыгы бар адам талап кылынаары белгилүү да.

Менин да көптөн бери кыймылдабай жаткан партиям бар “Арсыз кадам” деген. Ошонун соодасын бышырсам багы ачылып кетмек. Өткөндө Кейбир Кайсаров деген “чала лидер” төңкөрүштөн кийин ара төрөлгөн “Намысы жок” деген “чүрпөсүн” ашкеби чалыш бирөөгө сатып жибериптир 99 долларга. Эми кайра 20 долларын коротуп жаңы партия ачам деп жүгүрүп жүрөт. Калган 79 доллары бир айга тыгынчык болорун мактанып айтпадыбы. Мен да өзүмдүн партияма жакындан бери кардар издеп келатам. Эгерде 101 долларга сатып алчулар чыкса ойлонбой туруп макул болом. Бечара партиям жата берип жамбашы саргайып кетти. Эми оңтойун тапкан бирөөнүн колуна тийсе арсыз кадамды 41 кадамга теңеп салаары аштан бышык эмеспи. Мен ошенте албаганымдан бечара “наристем” бүк түшүп жатпайбы, көз жашын көлдөтүп. Укпадым дебегиле, жанагы баага сатып алууга көнгөндөр байланышка чыккыла. Ашкеби Бүргөсатаров десеңер эле мени издетпей таап беришет. Капыстан жакшылап саяпкерлик кылсаңар 2020-жылдагы шайлоодо марага байгелүү келип ээсин кубандырат деген ишенимдемин. Аты мурда чыгалек партиянын дүбүртү башкача болорун да айта кетейин. Баягы “Ар Намысты”, “Айкөл элди”, “Биригелини”, “Ата Мекенди”,”Бүтүн курсак” деген партияларды аты улук, супарасы курук ушул партия басындыга калтырбаса мурдумду кесип берейин. Ойгонгула, шашылгыла партияга мурду бүткөндөр.

К. Жоосаяров

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: